Кыргыз улуттук университетинин Эл аралык билим берүү программаларынын интеграция институтунун «Студенттер илимий коомунун» төрагасы, Work and Travel USA программасынын катышуучусу, Кыргыз улуттук университетинин «Инсандык өнүгүү» студенттик клубунун негиздөөчүсү жана төрагасы болуп эмгектенген, «Бир адамдан бир китеп» долбоорунун негиздөөчүсү, Табылды Муратбеков №54 орто мектебинин “Аймак таануу жана Сөз чеберчилиги” ийриминин катышуучуларына 2025-жылдын 1-февралы “Сырдашкым келет, Сиз менен” долбоорунун алкагында жолугушууда, ийгиликке жетүү сырлары менен бөлүшүп, кызыктуу маек куруп, окуучуларга шыктандыруу берди.
Комментарии