“Апам менин сыймыгым”
Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-декабрындагы токтому менен бекитилген “2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планын” жана Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында Аталар күнүн жана Энелер күнүн белгилөө жөнүндө” Мыйзамын аткаруу жана ата-энелер менен мектептин байланышын күчөтүп, ийгиликтүү окуучуларды тарбиялоо, окуучуларга жакшы маанай тартуулоо максатында 2025-жылдын 6-март күнү №54 билим ордобузда “ Апам менин сыймыгым” аттуу 3-класстар арасында эстафета өттү. Спорттук мелдеште ар бир командада 5 окуучу, 5 ападан турган 3- класстын класс жетекчилеринин жетекчилиги менен иш- чара болуп өттү. Окуучуларыбыз жана апаларыбыз өтө шыктануу, кызыгуу менен катышышты
Комментарии