« Биз кылмыштуулукка, буллинге жана рэкетке каршыбыз!» деген темада Ата — энелер мектеби боюнча семинар өткөрүлдү.
«Энелер мектеби» аркылуу ата-энелер мектеп менен тыгыз байланышта болуп, балдардын тарбиясына жана коопсуздугуна активдүү катышып жатканы кубандырат. Уруш-талаш, рэкет, буллинг жана кибербуллинг сыяктуу терс көрүнүштөрдүн алдын алуу үчүн ата-энелердин маалымдуулугун жогорулатуу максатында, 2025-жылдын 14-февралында №54 билим ордосунда 9-класстын ата-энелери үчүн «Энелер мектеби» уюштурулду.
Чогулуштун негизги максаты – таланттуу окуучуларды колдоо, чыгармачылыгын өнүктүрүү жана ата-энелердин маанайын көтөрүү болду.
Иш-чараны уюштурган класс жетекчилер Д. Абдисаитова, С. А. Турусбекова, Кенеш кызы Айсулууга терең ыраазычылык билдиребиз. Алардын эмгеги, аракети жана окуучулар үчүн кылган иштери өтө баалуу! Мектебибизде мындан ары да ийгиликтер болсун!
Комментарии