Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин окуучулар менен жолугушуусу
КР ИИМнин бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматын башкармалыгынын башчысынын орун басары, милициянын майору Джоорбаев Акылбек Болотович аптекалык наркоманияны жайылтууда ар кандай чөнтөк телефондорго анонимдүү түрдө келген СМСтерге алданбоолору зарыл экендигин түшүндүрдү. 17- январда №54 ЖОББ мектебинин 8,9,10,11-класстарынын окуучулары тренингке катышышты. Анда биз наркотиктин кесепеттери жана алардын ден соолукка тийгизген таасири жөнүндө маалымат алышты. Наркотик үчүн жоопкерчилик 14 жаштан башталат.Тараткан учурда да жоопкерчилик бар.Эгерде жаш өспүрүмдөр ушундай учурга кабыла турган болсо ыктыярдуу түрдө моюндарына алышса, жаза жеңилдетиши мүмкүн экендиги айтылды. Бирок кармалып калышса мыйзам алдында жооп бере тургандыгы айтылды.Себеби жаш өспүрүм 14 жаштан баштап жазага тартыла тургандыгы жөнүндө түшүнүк алышты.
ШИББбоюнча МККБнын уюштуруу-инспектордук бөлүмүнүн тескөөчүсү милициянын капитаны Молдобаева Диляра Алтымышбаева
Бишкек ШИББбоюнча МККБнын Бишкек шаарынын мэриясынын департаменти менен 2024-2025-окуу жылына түзүлгөн биргелешкен иш-чараларынын негизинде жогорку класстардын окуучулары менен жол кыймылынын эрежелери, балдардын катышуусу менен жол-унаа кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо боюнча профилактикалык маектешүү жүргүзүлдү.
Мындан тышкары, жол кыймылынын эрежелери, тактап айтканда, жол белгилери тууралу айтылды. Анткени аларды ар дайым эстеп жүрүү маанилүү. Балдарга жолдо жүрүү эрежесин ар дайым эстен чыгарбоо зарылчылыгы айтылды
Ар бир ата-эне балдардын бош убактысын көзөмөлгө алуу, мектеп менен тыгыз байланышта болуусу зарыл экендигин эскертти.
Комментарии