Кыргыз Республикасынын милициясынын түзүлгөнүнө 100 жыл
2024-жылдын 31-июлунда Беш-Күңгөй айылындагы Таранчиев атындагы орто мектебинде Кыргыз Республикасынын милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата «Мен жол
коопсуздугу үчүн» аттуу иш-чара болуп өттү. Бул иш-чарага №54 ЖОББ мектебинин «Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү» командасы катышышты. Иш-чаранын максаты: Жолдогу коопсуздук эрежелерин сактоо, балдардын катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу, жолдо жүрүү маданиятуулугун жогорулатуу. Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жол кыймылынын жаш инспекторлорунун бригадалары
балдарды жолдогу коопсуздукту жана жүрүм-турумду сактоого чакырды. Иш-чара аяктагандан кийин иш-чаранын катышуучуларына ыраазычылык баракчалары тапшырылды. Иш-чарага Кыргыз
Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары милициянын подполковниги
Манас Сыдыгалиев, Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын башчысынын орун басары милициянын майору Улан Саргашкаев, Чүй ОИИББы боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башчысынын орун басары милициянын капитаны Болот Мурсалиев, «ИИМдин көчмө кабылдама бөлүмдөрүнүн ишин колдоо» бирикмесинин директору, милициянын ардагери Шамшыбек Мамыров катышышты.
Комментарии