“Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү-2024” сынагында 1-орун
2024-жылдын 24-апрелинде болуп өткөн “Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү-2024” аталышындагы райондук кароо-сынагында №54 ЖОББ мектебинин окуучулары Султанов Султан, Абдрахманова Нурай, Шамбетов Альберт, Абиева Адиля, Шакасимова Ясмина, Жолдошова Адельфия, Калматова Аяна 1-орунга ээ болуп, шаардык сынакка катышууга жолдомо алышты. Өспүрүмдөрдү жол кырсыгынан сактоого багытталган “Отряддын видеоролиги” жана “Келечекте коопсуз Кыргызстанды кандай элестетишет?” деген темада биздин жаш тескөөчүлөр менен бирдикте класс жетекчиси Айзат Сагынбековна жана Махабат Ибрагимжановна өнүккөн өлкөлөрдө колдонгон тажрыйбаларын мисал келтирип, креативдүү долбоорду иштеп чыгышты. Ошондой эле команданы даярдаган технология сабагынан эң алдынкы мугалим С.А.Турусбекова жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары, Н.К.Майтиевага ыраазычылык билдиребиз.
Комментарии