Жолдо жүрсөң сак бол, эрежеге так бол!» аттуу жол эрежелери боюнча ачык сабак – болуп өттү.
Аталган ачык сабактын жүрүшүндө 6-в класстын окуучулары жол белгилери боюнча маалымат берип, тааныштырышты. Ар бир адам жолдо жүрүүнүн эрежелерин жакшы билиши керек. Көчөдө жол эрежесин билбей туруп басуу кыйын деле эмес, бирок чоң көчөлөрдө, автобус, троллейбус жана унаалар ары – бери тыгын жаратып өтүп турган көчөдө жол эрежелерин так туура билип, сак болуп жүрүү зарыл.
Жол эрежелери тааныштырып, көрсөтүп өтүштү.
Жол чырактын түстөрү күйгөн учурда кандай кыймылдарды аткаруу керек? – деген суроолорго жооп беришти
Ачык сабактын жүрүшүндө окуучулар жолдо жүрүү эрежелерин, жол кырсыктарын алдын алууну үйрөнүп алышты.
Аталган ачык сабакты 6-в классынын класс жетекчиси жогорку деңгээлде даярдаган.
«Жолдо жүрүү эрежелерин биз буга чейин класстык сааттарда угуп жүрөбүз, бирок биз билбеген маалыматтар да бар экен. Өзүбүз үчүн жол белгилерди жана пайдалуу маалыматтарды да ала алдык
Ачык сабактын жүрүшүндө берилген маалыматтардан улам жолдо жүрүү эрежелери менен толук таанышып жана керектүү маалыматтарды алдык. Мындан ары жолдо, көчөдө жүрүүдө алынган маалыматтарды толук түрдө колдонобуз».
Комментарии