Жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу.
«Тамекинин зыяндуулугу» деген темада 2025- жылдын 27-январында
5-в классынын окуучуларына класстык, тарбиялык саат өтүлдү.
Тарбиялык сааттын максаты:
Тамекини пайдалануу-адамдардын ден соолугуна зыян экендигин түшүнүшөт
Жашоодо туура жолду тандоого багыт алышат жана коомдогу тамеки чегүү көйгөйүн жөнгө салууга аракеттенишет
Тамекинин ден соолукка,үй бүлөгө жана коомго тийгизген терс таасирлерин талдашат.
Окуучулардын аң-сезимин ойготуу максатында тамекинин зыяндуулугун чагылдырган сүрөттөр, видео роликтер көрсөтүлдү, ар бир окуучу кунт коюп көрүп, угуп , өздөрүнүн ойлорун, тамеки тартуу адамдардын ден соолугуна терс таасирин тийгизип, ал тургай тегерегиндеги адамдардын да ден соолугуна зыян келтирерин талкуулашты. Андан сырткары теманын алкагында ар түрдүү, терең маанидеги сүрөттөрдү тартышты.
Комментарии