Үчүнчү чейректин мыкты окуучусу
Балдар үчүн эң маанилүү, натыйжалуу баштоочулардын бири, белгилүү бир жөндөмдү уюштуруу жана түрткү берүү, максатка жетүү үчүн үчүн берилген эң мыкты методика бул мотивация болуп эсептелет. Баланы жеткиликтүү шыктандыра алса ал сөзсүз жемишин берет. 5-Д класстын класс жетекчиси Нурзат Жумагазиевна балдарды шыктандыруу максатында 2-чейректе ийгилик жарата алган окуучуларга өзүнүн белегин берерин айткан. Чейректин жыйынтыгы менен 2-чейректе тынбаган аракети менен Карабаева Фатима жакшы ийгиликтерди жараткан. Бул ишти мектеп директору Илиясова Жылдыз Турганалиевна да колдоого алып, бүгүн окууда ийгиликке жеткен окуучуга грамота жана белегин тапшырды. Алдыда 4-чейректе биз дагы ийгилик жаратабыз деп окуучулар шыктанып калышты.
Мектеп директору 4-чейректин жыйынтыгы менен ийгиликке жеткен окуучуларга өзүнүн да белеги бар экенин кошумчалап, балдарга дем- күч берди.
Комментарии