“Мамлекеттик тилдин актуалдуу маселелери” аталышындагы илимий-методикалык семинар
Бүгүн 15-апрелде кыргыз тили жана адабияты мугалимдери Акжолтоева Нургуль Жапаровна, Мамытова Нурзат Жумагазиевна “Мамлекеттик тилдин актуалдуу маселелери” аталышында илимий-методикалык семинарга катышып келишти.
Илимий-методикалык семинар И.Арабаев атындагы КМУ да өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө профессор Кыялбек Акматов “Окутуунун заманбап технологиялары”, Садыкова Күлүмкан Садыковна “Функционалдык сабаттуулук” аталышындагы лекция окушту. Семинар ийгиликтүү өтүп, катышуучуларга сертификаттар тапшырылды. Аталган окуу жайдын эмгек жамаатына ыраазычылык билдиребиз!
Комментарии