“Сармерден” оюн-мелдешинин шаардык этабы өтүүдө
2024-жылдын 25-26-27-март күндөрү Республикалык деңгээлде окуучулардын “ЗИРЕК КЫЗ, БИЛГИ БАЛА” САРМЕРДЕН оюн-мелдештери өтөт. Бул иш-чара Билим берүү жана илим министрлигинин Республикалык экология, жерин таануу жана туризм боюнча балдар-өспүрүмдөр борбору уюштурууда. Белгилей кетүүчү жагдай, “2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн Концепциясын” ишке ашыруу жана аталган борбордун Кыргызстандагы окуучулардын “Туулган жерим” туристтик-аймак таануу кыймылынын “Тарыхый-маданий мурас” программасынын алкагында мектеп окуучулары үчүн уюштурулуп келет.
Аталган «САРМЕРДЕН» кыз –жигит оюн-мелдешинде 2024-жылдын 25-мартында №54 орто мектебинен “Таберик” кыздар тобу, №83 орто мектебинен “Ак илбирс” балдар тобу менен кызыктуу оюн куруп келишти. Оюн абдан кызыктуу болуп, калыстар тобунун мактоосуна татыды.
Даярдаган тарых мугалими Казиева Динара Артисбековнага ырзычылык билидирип, ийгиликтерди каалайбыз.
Комментарии